Кыргызстанда жакынкы үч күндө абанын температурасы акырындык менен жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 18-декабрдан баштап күндүн температурасы күндүзү 0⁰тан жогору болушу күтүлүүдө.
Адистер жалпысынан декабрда аба ырайы норманын чегинде болорун белгилешүүдө.