Бишкек – Ташкент – Бишкек аба каттамы 3-сентябрда аткарылып баштайт.
Рейстерди аткарууга уруксаатты кыргызстандык авиакомпания алды. Өзбекстандын борбор шаарына учактар жумасына 4 жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү каттайт.
Жакын арада Ош – Ташкент – Ош каттамы дагы кое берилет деп пландалууда.