22-майдан тарта Оштон Россиянын Красноярск шаарына авиакаттамдар жанданат

22-майдан тарта Оштон Россиянын Красноярск шаарына авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

 

Ага ылайык, каттамдарды жумасына бир жолу ата мекендик авиакомпания аткарып турат. Буга чейин, 20-апрелден баштап Красноярск — Бишкек — Красноярск багыты боюнча жаңы каттам ачылган болчу.