Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнга белгиленди

Бишкектен Сеул шаарына алгачкы каттам 11-июнга белгиленди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма-с кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамды кореялык авиакомпания аптасына бир жолу, жекшемби күндөрү аткарат.

 

Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна Бишкектен туруктуу аба каттамдары биринчи ирет кое берилет.