Бишкекте 41 чакырым электр чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Бишкекте 41 чакырым электр чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

 

Аба чубалгыларында техникалык тейлөө жана оңдоо иштери алдыдагы күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын даярдоо максатында жүргүзүлүүдө.

“2024-жылдын башынан бери 2 миң 33 даана фарфор жана сынган изоляторлор айнекке алмаштырылган. Ал эми 332 чакырым аба чубалгылары утурумдук оңдоодон өткөрүлсө, 41 чакырым чубалгыны капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

 

Ошондой эле энергетиктер электр аба чубалгылары өткөн жолдун боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыюу жумуштарын аткарууда. Бүгүнкү күндө 1 миң 234 бак-дарак кыйылды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аба чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар чубалгылардын үзүлүшүнө жана электр менен камсыздоонун бузулушуна себеп болот.