Эрдоган кыргызстандык куткаруучу менен элчиге жогорку сыйлык тапшырды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандык куткаруучу, ӨКМдин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркиянын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы мамлекеттик медалын тапшырды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

 

Аны менен катар Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Ардак грамота ыйгарган.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде, Анкара шаарындагы Президенттик сарайда зилзаладан улам куткарууга жана кырсыктын кесепетин жоюуга олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болгон.