Чек ара жаңжалында үй-жайсыз калган Баткен облусунун 3 миң 781 тургуну ар кайсы жакта баш калкалап жүрөт

Чек ара жаңжалында үй-жайсыз калган Баткен облусунун 3 миң 781 тургуну ар кайсы жакта баш калкалап жүрөт.

 

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдиргендей, жарандардын көбү Бишкекте, Чүй облусунда жана Баткен шаарындагы колледжерде жашап жатат.

 

Белгилеп кетсек, үйү толук өрттөнүп же талкаланып калган 687 жаранга атайын эсепке түшкөн каражаттан убактылуу жашоого деп 200 миң сомдон берилген.