Улуттук банк телефондук шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк телефондук шылуундардан сак болууга чакырат. Жарандарга чалып, банк кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке маалыматын жана карта реквизиттерин сурап чалгандар катталууда.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, Улуттук банк телефон аркылуу жарандардан мындай маалыматты сурабайт, эсеп ачпайт жана физикалык жактарды тейлебейт.