Чолпон-Ата шаарында кайрадан сел жүрдү

Чолпон-Ата шаарында кайрадан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан кийин кокту-колоттордон суу агып, шаардын көчөлөрүн, турак-жайлардын короолорун каптады.

 

“Тогуз-Булак” каналынан дагы суу ташкындаган.

 

Учурда жеринде атайын техника жана министрликтин куткаруучулары иштеп, табигый кырсыктын кесепетин жоюу аракетин көрүүдө. Эске салсак, 11-августта сел жүрүп, Чолпон-Ата шаарын жана 3 айылды суу каптаган. Калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилген.