Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш масса Авлетим, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылында жүрдү.

 

Жыйынтыгында суу 48 турак-жайды, 2 социалдык объектини каптады. Андан тышкары, ички чарбачылык жолдор жуулуп, 10 кой жана 2 жылкы сууга агып кетти. Жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, табигый кырсыктын зыянын эсептешүүдө.