Тогуз-Тородо кар көчкүдөн бир киши каза болду

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда 45 жаштагы киши кар көчкү алдында калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Министрликтин маалыматында, 19-февралда Атай айылынын жашоочусу жылкы карап тоого кеткен.

 

Саат 15:00 чамасында тоодон көчкү түшүп, маркум кардын алдында калган. Жанындагы эки киши аман-эсен куткарылды.

 

Жыйырмадай куткаруучу жана жергиликтүү тургундар сөөктү 18:00дө алып чыгышкан.

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган. Өткөн аптада тоолуу аймактарда калың кар түштү. ӨКМ кооптуу аймакта жашаган жарандарга эскертүү берүүдө.