Кыргызстандыктарды түндө дүрбөлөңгө салган жер титирөөнүн очогу Кытайда болгон. Кыргызстан жана Казакстан чек арасынан ал 264 чакырым алыстыкта жайгашкан. Зилзаланын очогундагы күчү 8 баллга жеткен.
Силкинүүлөр Кыргызстандын бардык аймактарында сезилди. Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында 5 балл, Нарында – 4, Бишкекте – 3 балл болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.