“Келечекке салым” депозити 2 миң 853 жетим балага ачылат

“Келечекке салым” депозитинин жобосу бекитилди, 2 миң 853 жетим балага депозит ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Депозитти ачуу үчүн жарандардын кайрылуусунун зарылдыгы жок, аны балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик банк өз алдынча ишке ашырат.

 

18 жашка чыкканда депозитте 500 миң сомдон кем эмес каражат топтолот. Аны билим алууга, ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же үй сатып алууга жумшаса болот.

 

Жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө депозиттин эсеби тууралуу маалымат берилет, — дешти министрликтен.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.