Бишкек мэриясы автобекеттерди шаар четине чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу novosti.kgге Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.
Анын айтымында, объектилерди курууга тилкелер аныкталды – Батыш автобекети Пригородное айылынын кире беришинде жайгашса, Чыгыш бекети – Дордой аймагында орун алат. Учурда жаңы вокзалдардын эскиздери даярдалууда.
Андан кийин долбоорлорду ишке ашыруу башталат. Уезбаев белгилегендей, мындай чечим аймактардан каттаган маршруттук таксилерди Бишкек аймагына киргизбөө үчүн кабыл алынды.