«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринин жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн суткасына 1 миң унаага жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

 

Азыр ар бир пунктка 160тан машина туура келет. Алардын санын көбөйтүү максатында “Эркечтам” постунун аянты 2,5 гектардан 8 гектарга кеңейтилди. Ошондой эле жолду жакшыртуу иштери жүрүп жатат.

 

Өз кезегинде “Торугарт” пунктунда бажы көзөмөлү үчүн 6 унаалык жаңы ангар курулду. Мындан тышкары, эскилиги жеткен имараттар сүрдүрүлүп, кошумча унаа токтотуучу жайлар түзүлдү.

 

Мунун баары өлкөлөр ортосундагы соода алаканы өнүктүрүүгө таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.