Астанада өтө турган бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын намысын 268 спортчу коргойт. Спорт департаментинен билдиришкендей, кыргызстандыктар 29 дисциплина боюнча катышат.
Жатакана, тамак-аш, форма жана жол киреге мамлекет акча бөлөт. Белгиленгендей, форманын эскиздери даяр, аны ата мекендик фирма тигип берет.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстанда өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.