Бишкек шаарына 146 жыл. Ордо калаада майрамдык иш-чара өттү

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара Бишкек баатырдын эстелигининин алдында өттү.

 

Иш-чарада калаа башчы Айбек Жунушалиев чакырылган конокторду жана жалпы шаардыктарды шаар күнү менен куттуктады.

 

Мэр белгилегендей, жаңы объектилердин, жолдордун саны гана эмес, шаардын бюджети да көбөйүүдө. Быйылкы жылы бюджет 32 590,5 млн сомго чейин көбөйтүлдү.

 

Негизги иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта саат 18:00дө башталат.