Ош облусунда тоо-байытуучу фабрика ачылды. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Алай районунун Кызыл-Булак тилкесинде жайгашат.
Фабриканын өндүрүү кубаттуулугу суткасына 1 миң 200 таза байытылган көмүрдү түзөт.
Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, комбинат башка өндүрүүчүлөргө дагы үлгү болушу керек, бүгүнкү күндө айлана-чөйрөгө зыян келтирбей, таза отун чыгаруу актуалдуу маселе болуп саналат.