Кыргызстанда санарип көчмөн макамы эми 12 мамлекеттин жарандарына жеткиликтүү

Кыргызстанда санарип көчмөн макамы эми 12 мамлекеттин жарандарына жеткиликтүү.

 

Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти. Буга чейин арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россия өкүлдөрү бере алса, эми тизмеде АКШ, Улуу Британия, Германия, Япония, Түштүк Корея жана Индия дагы бар.

 

Эске салсак, “санарип көчмөн” макамынын ээси бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Алсак, алар ишке уруксат алуудан бир жылга бошотулат.