Мамлекеттик ипотекалык уюм куруп жаткан үйлөр ушул жылдын аягында колдонууга берилип баштайт. “Кабарга” аталган компаниядан билдиришкендей, Маликов көчөсүндө 39 көп кабаттуу үйдөн турган турак-жай комплексинин курулушу кызуу жүрүүдө.
18 жана 24 кабаттуу үйлөрдүн бир бөлүгү жыл аягына чейин колдонууга берилип, 980ден ашык батир даяр болот деп күтүлүүдө.
Жалпысынан, 2026-жылга чейин “Менин үйүм” программасынын алкагында бийлик 50 миң кыргызстандыкты турак-жай менен камсыздоо ниетинде.