Селден улам ӨКМ күчөтүлгөн тартипке өттү

Кечээ кечки саат 19:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел каналында топтолгон суунун ташып кетүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, адистер абалды көзөмөлдөп жатат.

 

Ушул эле күнү Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, бир сарайдын короосун суу каптаган.

 

Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир катар жолдорду суу каптап, бир нече жол жабылды.

 

Куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнү кабарланды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.