ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирет сунуштайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда.

Мындай учурда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кийинки каттамды күтүүдө кошумча каржылык чыгымдар болот.

Маселе жаралган учурда Кыргызстандын жарандары Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылышы керек.