Бишкекте катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Бишкекте катуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тиешелүү буйрукка калаа башчы Айбек Жунушалиев кол койду.

 

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Ага ылайык, бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн тартипке өттү.

 

Кечээ, 28-мартта катуу шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап машинелерди басып калган.