Туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бүгүн республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Жарандарга сак болуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.