Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Очогу кыргыз-казак чек арасында болгон жер титирөөдөн өлкөдө жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Сейсмология институтунан билдиришкендей, бүгүн түшкү саат 12:30дар чамасындагы силкинүүнүн күчү очогунда 5,2 баллды түздү.

 

Жердин титирегени Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында, Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкек, Каракол, Кумтөр кенинде жана Кажы-Сайда 3,5 баллга сезилди.