Мэр: Бишкекте мындан ары мыйзамсыз курулуштарга жол берилбейт

Бишкекте мындан ары мыйзамсыз курулуштарга жол берилбейт

Буга калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров ишендирүүдө.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан 90го жакын көп кабаттуу үй бар экени өткөн аптада Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон. Мамлекеттик архитектура, курулуш департаменти аларды мыйзамдаштыруу пландалып жатканын, ар бир үй текшерилип, уруксат ошонун негизинде берилерин билдирген.