Ысык-Көлдүн эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ысык-Көлдүн эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Облус аймагында катуу жааган жаандан жана анын кесепетинен жүргөн селден улам Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

 

Ошондой эле Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун администрациялары күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы кабарланды.

 

18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айылдарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.