Түркияда селден жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда селден жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү кечинде Стамбулдун Арнавуткөй, Башакшехир жана Күчүкчекмеже райондорунда нөшөрлөгөн жаан селге айланган. Анын айынан үйлөрдү жана ишканаларды суу каптап, айрым метро станциялар суу астында калган.

 

Стамбул аэропортунда каттамдар жана жолдор да бир аз убакытка жабылган.