Кыргызстандыктардын банк карталары көбөйдү

Кыргызстандыктардын банк карталары көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул жылдын 30-июнуна карата республика боюнча карттардын жалпы саны 7 миллион 900 миңди түздү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 миллионго көп.

 

Жүгүртүүдөгү эң көп банк карталары Бишкек шаарында тагыраагы, 4 миллиондон ашуун. Эң азы Талас облусунда – 193,5 миң карта туура келет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.