Кыргызстан жарандыгын 2 миңдей киши кабыл алды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Беш жарлыкка ылайык, 1 миң 920 жаранга, алардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын паспорту берилди. Ал эми өлкө жарандыгынан 205 адам чыгарылды.