Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоодо 17 миң тонна таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө суучулдар көлдүн астынан 16 миң 721 кг таштанды, 103 миң 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы «Бакыт» жана «Голубой Иссык-Куль» пансионаттары эки жолу тазаланды. Андан соң суучулдар облустун Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарына жакын жердеги көлдүн астын тазалашты.

 

Белгиленгендей, Ысык-Көлдү тазалоо иштери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылдын 12-мартында башталып, 156 күн ичинде 246 миң 283,5 гектар аянт тазаланды. Учурда иш уланууда.