Бишкекте бир нече көчөнү капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда

Бишкекте бир нече көчөнү капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда.

 

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейинки аралыгына бир катмар асфальт басылды. Аталган көчө Горький көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Анын алкагында жолдун асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылат.

 

Негизги жумуштарды 31-августка чейин бүтүрүү пландалган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.