Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн тилкесинде унаа кыймылы толугу менен жабылды

Ордо калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн тилкесинде унаа кыймылы толугу менен жабылды. “Бишкекжылуулук” ишканасынан билдиришкендей, Медеров менен Кулатов көчөлөрүнүн ортосунда магистралдык жылуулук тармагын оңдоо иштери башталды. Жумуштар жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн жүргүзүлүүдө.

 

Реконструкциялоодо түтүктөр жана башка жабдуулар алмаштырылат.