Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт

Жаңыланган акча купюраларын терминалдар жана банкоматтар болжол менен жарым жылдан кийин кабыл алып баштайт. Улуттук банктан билдиришкендей,  200, 500 жана 1 миң сомдук банкноталар бүгүнтөн тарта жүгүртүүгө чыгарылат.

 

Эми банктар аларга ылайыктап терминалдардын жана банкоматтардын системасын дагы жаңыртууга киришет.

 

Буга убакыт талап кылынат. Кошумчаласак, купюралардын башкы бетиндеги искусство жана маданият өкүлдөрүнүн сүрөттөрү, артындагы республиканын кооз жерлери, негизги түстөр, өлчөмдөр өзгөрүүсүз калтырылды. Бирок суу белгиси, коргоо жипчеси жана жашыруун сүрөттөр сыяктуу коргоо элементтер күчөтүлдү.