Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, быйылкы жылдын титулдук тизмесине ылайык 3 чакырым, ал эми капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 4 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралып, план толугу менен аткарылды.