Бишкекте Исанов көчөсүнүн Токтогул-Москва тилкеси бүгүн унаа кыймылына жабык

Бишкекте Исанов көчөсүнүн Токтогул-Москва тилкеси бүгүн унаа кыймылына жабык.

 

Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан эске салышкандай, бул тилкеде эртеңден тарта бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

 

Андыктан, бүгүн тиешелүү кызматтар атайын белгилерди орнотуп, жол чийиндерин түшүрөт. Тилке кечки саат 6га чейин жабык болот.