Ысык-Көл облусундагы Зындан көлү жырылып, суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундар эвакуцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлдү.
Учурда куткаруучулар жеринде тактоо, көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийликтин техникалары менен суунун нугун буруу иштери жасалууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.