ИИМ айдоочулук күбөлүк сатып алуу боюнча Интернеттеги жарыяларга ишенбөөгө чакырат

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүк сатып алуу боюнча Интернеттеги жарыяларга ишенбөөгө чакырат. Белгиленгендей, мындай документтер жасалма жана “Түндүк”, “Унаа” маалымат базасында жок.

 

Мындан тышкары, документтердин түп нускасында коргоо белгилери бар. Ал эми бланктары даярдалган «жасалма лицензия» боюнча чыныгы сериялар болсо да, натыйжа өзгөрбөйт. Тагыраагы эртеби-кечпи милиция анын жасалма экенин аныктайт.

 

Эске салсак, расмий документти бурмалоо жана аны пайдалануу эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.