Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу жөнөтүлдү

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу жөнөтүлдү.

Аталган өлкөдөгү жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, бир талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Алардын ичинен кечээ 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жеткен.

Бүгүн болсо 35 адамдан турган атайын топ учуп кетишти.

Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Эске салсак, Кыргызстан Түркияга жер титирөөнүн эртеси 60тан ашык куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөткөн.

Алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жатат.