Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал туруктуу

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал туруктуу. Коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып келишкенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коктудан түшкөн суунун нугу Тоң суусуна бурулуп, суу каптоо коркунучу жок. Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт уюштурулган.

 

Эске салсак, 21-августта Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон. Буга байланыштуу 500дөй тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине жайгаштырылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.