Төө-Ашуу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды

Төө-Ашуу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда №9 жол тейлөө ишканасы Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштерин улантууда.

 

Тоолуу райондорго жана ашуулар аркылуу сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат.