Бишкектеги Ботаникалык бакка өзгөчө статус берүү пландалууда

Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусун берүү пландалууда. Өкмөттүн токтому коомдук талкууга чыгарылды.

 

Документтин авторлору макам берүү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарынын коомдук пикирине оң таасирин тийгизерин белгилешүүдө. Анткени айрымдар бакча жоюлуп кетет деген кооптонууларын айтып чыгышкан.

 

Ошондой эле макамы белгиленгенде Ботаникалык бактын иши “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат. Бул анын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү жакшыртат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.