Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды.
Мекеменин маалыматына ылайык, жабдуулардын бардыгы Россиядан алып келинген. Устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алары айтылды.
Белгиленгендей, 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы жеке компанияларга караганда кыйла арзан болот.
Кошумчаласак, буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келген.