Бишкекте кийинки жумадан тарта автобус-троллейбустарда накталай төлөм алынбайт

Бишкекте кийинки жумадан тарта автобус-троллейбустарда накталай төлөм алынбайт. Мэриядан эске салышкандай, жол кирени жүргүнчүлөр “Тулпар” карталары менен төлөй алат.

 

Анын 3 түрү сунушталат, стандарттуу көк карта – бардык каалоочуларга жеткиликтүү, жашыл карталар – окуучуларга берилет, ал эми кызыл карталар менен пенсионерлер жана майыптыгы бар жарандар колдоно алат.

 

Андан тышкары, жол кирени жүргүнчүлөр “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу төлөй алышат.