Бишкекте үй тибиндеги 4 бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ачылган бакчалардын бири Көк-Жар районунда жайгашса, калгандары Арча-Бешик конушунда, Пригородное жана Озерное айылдарында орун алган.
Аларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, кыз-келиндер үчүн жаңы жумуш орундары пайда болду.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.