Бишкекте түркиялык жогорку окуу жайлардын «Жибек Жолу» аталышындагы көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чара бүгүн, 15-февралда саат 10:00дөн 17:00гө чейин «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында болот. Кирүү акысыз.
Көргөзмөдө Түркиянын ар кайсы шаарларындагы 20га жакын университет тууралуу маалымат берилет.