Бишкекке 500 кичи автобус алып келинет

Бишкекке 500 кичи автобус алып келинет. Шаардык Транспорт департаментинен билдиришкендей, маршруткалар жаңы конуштардагы каттамдарга коюлат. Учурда аларды сатып алуу үчүн донор изделүүдө.

 

Белгиленгендей, айрым жаңы конуштардагы жолдор автобустардын жүрүүсүнө ыңгайлашкан эмес, мындан улам ал жактарга автобустар каттай албайт.

 

Кошумчаласак, азыркы тапта ордо калаада 27 линияда кичи автобустар иштеп жатат, алардын ар биринде орто эсеп менен 20дан унаа эл ташыйт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.