Тогуз айда орточо айлык акы 32 миң сомду түздү

Улуттук статистика комитети 2023-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчетун жарыялады. Ага ылайык, өлкө экономикасында өсүш байкалганы белгиленди.

 

Орточо айлык акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25,7%га өсүп, ал 32078 сомду түздү.

Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9,407 млрд АКШ долларын түздү.

Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га өсүп, 1850 млрд АКШ долларын, ал эми импорт 23%га өсүп, 7,5 млрд долларга жетти.

Мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү боюнча да өсүш байкалып, 2023-жылдын 9 айында 23 млрд сомду түзгөн, ал өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 20%га көп.

 

Жүк ташуулардын көлөмү 13% өсүп, ал 35,5 млрд сом болгон.

 

2023-жылдын 9 айында дүң жана чекене соода 18%га өсүп, 791 млрд сомго жетти.

Мындан тышкары, негизги капиталга инвестиция 17%га өсүп, 97 млрд сом болду.

 

Жалпысынан курулуш боюнча ички дүң продукциянын көлөмү да 13%га өсүп, 106 млрд сомду түздү.

Айыл чарбасында эч кандай өзгөрүү болгон эмес,  айыл чарба продукциясынын көлөмү 294 млрд сом болду.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эң көп Баткен облусунда өсүп, ал 21%ды түздү.

 

Бул көрсөткүч боюнча алдыңкы катарга 19% менен Чүй облусу жана 13%ды түзгөн Бишкек шаары кирди.