Бишкектен Түркияга жети тонна гумжардам жөнөтүлдү

Бишкектен Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жети тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Белгиленгендей, актуалдуу муктаждыктардын тизмесине кышкы чатыр, жууркан, газ менен иштеген жылыткыч, генератор жана уктоочу баштыктар кирет.

Бишкектеги гумажардам чогулткан пункт Жибек-Жолу көчөсүндөгү борбордук мечитте жайгашкан.