Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын Бишкек – Ош жолундагы туннелден өтүү акысы 300дөн 500 сомго кымбаттайт

Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын Бишкек – Ош жолундагы туннелден өтүү акысы 300дөн 500 сомго кымбаттайт. Ал эми чет элдик унааларга төлөм тескерисинче, 10 эсе төмөндөйт – 5 миң сомдон 500 сомго.

 

Тарифтерди өзгөртүүнү Унаа жана жолдор министрлиги ЕАЭБдин талаптарына ылайык демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Өлкө ичиндеги машинелердин башка категориялары үчүн тарифтер өзгөрүүсүз калды, 50 сомдон 300 сомго чейин.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.